7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө турак үйдөн чыккан өрттөн бир жаран каза болду

502

Чүйдө турак үй өрттөнүп, эркек киши көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн түнкү саат 3:10 чамасында Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айыл аймагынын Нооруз дачасында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 4:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилип, өздүгү такталууда. Ошондой эле жалпы аянты 52 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503