Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору Курсант Абдрахманов которуу жолу менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койду.
Ал эми, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп, Министрликтин буйругу менен КРнын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков дайындалды.
Жаңы дайындоолорду эмгек жамаатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.