Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак-жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р.Б. жергиликтүү тургун А.С.Г. аттуу жарандан аны административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда ал УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.