Жашыруун транзиттик жол менен Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган.

Кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын үч өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд сомго жакын болушу мүмкүн.

Кармалган кызматкерлер менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.

Аталган факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенджерлеринде “Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.