Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы тургуну денесине бычактан жараат алгандыгы тууралуу 16-март күнү милицияга маалымат түшкөн.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы тургуну кармалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.