Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы кабарлады.
22-марттан 23-мартка чейин Көлмө жаңы конушунун Дастан, Максат, Медина, Мыскал, Кулиев көчөлөрүндө, ошондой эле Лермонтов, Восточная, Ибраев, Ленин көчөлөрү кесилишкен аймакта, мындан сырткары, Фрунзе, Коенкозов, Манас, Чүй простпектилери кесилишкен аймакта газ өчүрүлөт.
Газ оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.