Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта Разаков шаарынын унаа жолунда Лейлек районунун 1999-жылы туулган М.у.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 03KG620ABM мамлекеттик номерлүү автомашина токтотулган.
Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын 70 кап аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды.
Учурда тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.