7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жайлоого досуна кеткен жаран дайынсыз болууда

368
Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иши улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Издөө иштерине бүгүн, 4-декабрда Кемин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40, жалпы 94 адам тартылды.
Мурда маалымдалгандай, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адам 29-ноябрда жайлоого сарайда турган досуна учурашканы барып, минип жүргөн аты кайтып келген, ал эми өзү кайрылып келген эмес. Бул боюнча маалымат «102» кызматына 1-декабрда түшкөн. ИИМ кызматкерлери тарабынан ӨКМге 2-декабрда кайрылуу болуп, ошондон бери издөө иштери улантылып жатат.
Кошумча маалымат берилет.
369