7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жарандан 59 млн сомго баалаган баңгизат аныкталды

482

Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, «мефедрон» баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы Манас аэропорту – Бишкек шаары унаа жолунда жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңгизатын алып жүргөн 42 жаштагы жаран кармалган. Аталган заттын 1 гр базар баасы 6000 сомду түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 млн 880 миң сомго жеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланып жатат.

483