Жаңы демилге: Паспорт үчүн 10 манжанын изи алынат
15
Кыргызстанда ID-карта жана чет өлкөлүк паспорт берүү тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Эгер документ кабыл алынса, 16 жашка чейинки балдарга чет өлкөлүк паспортту ата-энесинин биринин арызы менен эле тариздөөгө мүмкүн болот.
Ал эми санарип паспорт расмий түрдө кагаз түрүндө берилген документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Мындан сырткары, жарандарга аты-жөнүн латын тамгалары менен өз каалоосу боюнча жазуу мүмкүнчүлүгүн берүү, биометрикалык текшерүүнү күчөтүү жана бардык он манжанын изин алуу сунушталууда.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү — паспортко документтерди айыл өкмөттөрү аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул алыскы аймактардагы тургундар үчүн кызмат көрсөтүүнү жеңилдетиши мүмкүн.
Ошондой эле даяр болгон паспортторду сактоо боюнча коопсуздук талаптары күчөтүлөт.