7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жарандын телефонун, акчасын тартып алган шектүү кармалды

669

Панфилов районунда тоноочулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү Панфилов РИИБүнө 1961-жылы туулган жергиликтүү тургуну С.А., аттуу жаран кайрылып, анда белгисиз адамдар тарабынан, ага карата күч колдонуп уюлдук телефонун жана акча каражаттарын тартып кеткендигин билдирген.

Бул факты Панфилов РИИБү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670