7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто алдамчылыкка шектелип, абакта жазасын өтөп жаткан жаран аныкталды

767

Токмок шаарында алдамчылыкка шектелип, абакта жазасын өтөп жаткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган Б.К. арыз менен кайрылган. Анда, март айында анын атынан кимдир бирөө 10 миң сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө алдамчылыкка шектелген жарандын өздүгү такталып, ал абакта жаткан 1999-жылы туулган Б.У., аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда шектүү тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768