№3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар наристе боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштер жүрүп жатканын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
Белгилей кетсек, 13-январь күнү М.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, медициналык кызматкерлерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, дарыгерлер 2021-жылы төрөлгөн балага карата кесиптик милдеттерин начар аткаргандыктан бала чарчап калган. Факт Октябрь райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.
Ал эми бөбөктүн апасы Кайыргүл Sputnik агенттигине дарыгерлер шалаакылык кылганын айтууда.
“Балам декабрда эки жашка толгон. 13-январь күнү эртең менен саат 10:00дө кышылдап баштады. Ага чейин оорубай жапжакшынакай жүргөн. Дем алуусу начарлагандай кышылдап жатты. Градусник койсом температурасы 37,8 экен. Ибуфен берсем эс ала түшкөндөй уктап калды. Баламдан улуу кыздарым бар. Үйдө жалгыз болгондуктан баарын кийинтип даярдаганча саат 12 болду. Балам дагы ошол кезде ойгонду. Кышылдаганы кеткен жок. Тез жардамга чалсам бир сааттан кийин гана бара алабыз дешти. Ошондуктан такси чакырып, саат 14:30да №3 балдар ооруканасына кирип бардым. Дарыгер дароо кабыл алды. Бир нерсе жутуп алган жокпу деп рентгенге тартышты, баары таза чыкты. Анан жамбашына укол сайып, башка ооруканага барасыңар деп Тез жардам кызматын чакырышты. Балам улам агарып-көгөрүп жатат, кайдагы башка оорукана, азыр жардам бергиле деп сурандым. Анан ингаляция жасашты. Балам улам колу менен тартып анысы да жакшы жасалган жок. Кислородго отургузушту, андан да жардам болгон жок. Дарыгер көрүп эле турду. Уулум көгөрүп, кайра агарып атты. “Эже, көрүп жатасызбы” десем, “менин сменам бүттү, башка карайт” деп кетип калды. Жаңы келген аял да кирип-чыгып жакшы караган жок. “Эже, бала көгөрүп жатат го” десем “көгөрбөй эле жакшынакай турат, тез жардам келет, ага чейин эч нерсе кыла албайм, отуруп турсун” деп кетип калды. Дарыгер жок бөлмөдө баламды кучактап жалгыз отурдум. Тышта турган жолдошума айтып дарыгерди чакырттым. Келгенден кийин “и-ий, көгөрүп кетиптир, бас реанимацияга” деп кислородду колдон жулуп сүйрөп жатпайбы… Реанимация тышта экен, беш мүнөттөй көтөрүп бастым. Реанимация бөлүмүнө балам тууралуу эч кандай маалымат беришпептир. Ал жактагылар “уулуңуз кайсы жылкы, эмне болду эле?” деп кайра менден сурап жүрүшөт. Саат беш жарымда балам чарчап калганын айтышты. Жакшы көңүл бурулганда балам тирүү калат беле, эки саатта алдырып ийдим”, – деди ал.
Ал шалаакылык кылган дарыгерлерге чара көрүлүшүн талап кыларын кошумчалады.