Жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңгизаты бар жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө «ТР-КР» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды — афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган. Алардан — жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.