Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы жигитти издөө иштери бүгүн дагы уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эскерте кетсек, 9-май күнү Жаңы-Базар айылынын 18 жаштагы Д уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.