Чүйдө үйгө уурулукка кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-апрелинде Чүй облусунун Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Н.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын арызында белгисиз жарандар анын Сокулук районундагы батирине кирип, 1000 АКШ долларын, 15000 сомун, «Леново» үлгүсүндөгү телефонун жана күмүш буюмдарын алып кеткендигин билдирген.
Жалпы чыгаша 120000 сомду түзгөн. Андан сырткары, уурулук жасап жатканда батирге үй ээсинин жашы жете элек кызы кирип келгенде, кылмышкерлер анын көзүнө баллондон зат чачып туруп, качып кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (каракчылык).
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында үч адамдан турган кылмыштуу топ кармалган. Алар 1987-жылы туулган Чүй облусунун тургуну, мурда соттолгон, кылмышты уюштуруучу Ж.Б., 1962-жылы туулган Б.В., жана 1996-жылы туулган Ысык-Көл облусунун туругуну, мурда соттолгон А.Ж.
Далил катары, уюлдук телефон, ачкычтар алынган. Кармалган шектүүлөр Сокулук РИИБнын тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда, аталган жарандардын башка дагы кылмыштарга тиешеси барбы, жокпу текшерүү жүргүзүлүүдө.