Тажикстандын Согди облусунун Исфара районундагы Ходжа-Ало айылында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча оор жүк ташуучу унаа (камаз) кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жогорудагы унаанын айдоочусу Кыргыз Республикасынын жараны, К.А.А. аттуу Баткен районунун тургуну экени аныкталган, ал Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган учурда Тажикстан Республикасынын аскер кызматчыларынан жашырынып Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп кеткен.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, автоунаа да Тажикстандын Чек ара кызматкерлеринен кабыл алып өткөрүп берүү актысы менен КРнын аймагына өткөрүлүп берилген жана “Орто-Боз” чек ара заставасына кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин кармалды.