Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда балык чарбасы, мал чарбачылыгы, сүт, туризм жана билим берүү тармактардын адистеринин башын кошкон чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча форум өттү.
8-октябрда уюштурулган форумга райондун Каныш-Кыя айылынын 170тен ашуун тургундары катышты. Форумга тажрыйбалуу ишкерлер Тилек Токтогазиев (Nomading инженердик компаниясынын директору), Данияр Эмилов (“Предприниматель” бизнес клубунун негиздөөчүсү) жана башкалар келишти.
Биргеликте Өнүктүрүү фондунун жергиликтүү ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү механизмин түзүү боюнча биринчи кадамдар жасалды. Бул үчүн мындан аркы арактетер үчүн ишмердүүлүк багыттары боюнча 8 топ түзүлүп, спикерлер суроо-талап боюнча колдоо жана кеңеш беришти.
Форумдун максаты жергиликтүү ишкерлердин активдүү жамаатын түзүү, ошондой эле ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарындагы региондун лидерлеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу болду.
Иш чара район аймагындагы алтын казган компаниялардын биринин каржылык колдоосу менен өттү.