“Торугарт”, “Эркечтам” өткөрмө пункттарында коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу аталган өткөрмө пунктунда иштеген айдоочулар билдирди. Маалыматты Президенттин маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ыллайык, буга чейин аталган өткөрмө пункттарында “Элита 10”, “Элита 20” деп аталган мыйзамсыз салык болгон. Айрым фирмалардын алтымышка жетпеген унаалары эле коррупциялык аракеттери менен артыкчылыкка ээ болуп, тосколдуксуз өтүп турушчу. Көбүнчө артыкчылык чет элдик унааларга берилген. Ошол эле учурда жергиликтүү жүк ташуучу унаалар укугу дайыма басмырланып келген. Алардын саны беш жүзгө чукул.
Айдоочулар ар бир унаа үчүн элүүдөн жүз долларга чейин “сый акы” берип келгенин айтышат. Бул акчалар бажы кызматкерлеринин өз чөнтөгүнө кетип турган.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров бажы системасында, негизинен эң активдүү “Торугарт”, “Эркечтам” өткөрмө пунктарында коррупциялык элементтерди түп тамыры менен жок кылууну тийиштүү түзүмдөргө катуу тапшырган.
Президенттин тапшырмасынан кийин көрүлгөн чаралардын аркасында көмүскө, мыйзамсыз көрүнүштөр жойулду. Жергиликтүү айдоочуларга шарт түзүлүп, баарына бирдей мамиле түзүлдү.