7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

515

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын катышуусунда төмөндөгүлөр ант беришти:

Акылбек Жапаров – Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

Арзыбек Кожошев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Азиз Аалиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Эдиль Байсалов – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Камчыбек Ташиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— Данияр Амангелдиев –экономика жана коммерция министри;

— Алмаз Бакетаев – финансы министри;

— Руслан Казакбаев – тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;

— Аяз Баетов – юстиция министри;

— Эркинбек Осоев – транспорт жана коммуникациялар министри;

—  Аскарбек Жаныбеков – айыл чарба министри;

— Доскул Бекмурзаев – энергетика министри;

— Динара Кутманова – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

— Алымкадыр Бейшеналиев – саламаттык сактоо министри;

— Болотбек Купешов – билим берүү жана илим министри;

— Азамат Жаманкулов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

— Кудайберген Базарбаев – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

— Бактыбек Бекболотов – коргоо министри;

— Улан Ниязбеков – ички иштер министри;

— Бообек Ажикеев – өзгөчө кырдаалдар министри.

Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, азыркы Министрлер Кабинети жаңы Конституцияга ылайык толук кандуу ишин баштаарын белгиледи. Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин алдында бир катар тапшырмаларды коюп, өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы актуалдуу маселелерге токтолду.

Ошондой эле, ал парламентке таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чиновниктерге тигил же бул партия же талапкер пайдасына административдик ресурс колдонгону үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертти.

Өлкө башчы Садыр Жапаров бардыгын добуш сатып алуулардын алдын алып таза шайлоо өткөрүүгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516