14-декабрда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалым болгондой, болжол менен 19:55 чамасында, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 110-чакырымында кырсык катталган. Аталган тилкеде Чаткал суусуна «Жигули» унаасы түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1983-жылы туулган эркек киши каза болгон. Жергиликтүү тургундар маркумдун жансыз денеси чыгарып, туугандарына өткөрүлүп беришти.