Чаткалдагы алтын ылгоочу жайдын тосмосу ачылып, суусу Терек-Сай дарыясын каптады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-январь күнү саат 16:30 чамада Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Терек участогунда Мырзалиев көчөсүнүн жогору тарабында жайгашкан ЖЧК «Эти Бакыр Терексай» компаниясына тиешелүү эски алтын ылгап алуучу фабрикасынын калдык таштоочу жайында (отстойник) аба- ырайынын өзгөрүшүнөн улам тоңуп калган муздар ээригендигине байланыштуу тосмо ачылып, Мырзалиев көчөсү аркылуу агып, Терек-Сай дарыясына кошулган.
Аталган окуя боюнча компаниянын техникалары иштеп жаткан учурда жергиликтүү жумушчулар тарабынан видеого тартылып, кечки саат 20-00 чамаларда “Биздин сууга Цианид заты кошулду, бул сууну ичпегиле” деп интернет тармактары аркылуу таратылып, ЖЧК «Эти Бакыр Терексай» компаниясын күнөөлөп, Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын жергиликтүү тургундары арасында кызуу талкууга алынып, нааразычылыктар болгон.
Аталган факты Чаткал РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык Кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.