7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы: Баткенде ок атышуу болду

729

Бүгүн, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу орун алды. Маалыматты  УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Саат 6:50-7:00 чамасында Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги Кыргызстан чек арачыларынын тозотуна Тажикстандын «Кех» постунан ок атылган. Аларга жооп иретинде кыргыз тарап да ок чыгарган.

«Эки тараптын чек ара башчылары ыкчам чара көрүү максатында телефондон сүйлөшүп, окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Ага карабастан тажик чек арачылары саат 7:50дө гранатомёт, миномёттон аткылоосун улантып, атышуу саат 8:10до токтогон», деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.

Саат 8:40ка алынган маалыматка караганда, эки тараптын тирешүүсү басаңдабай, кайрадан атыша кетүү коркунучунда турат. Чек ара кызматы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730