7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы: Материалдык каражаттар жана азык-түлүк жетишсиз деген маалымат жалган

888

УКМК Чек ара кызматы чек ара тарамдарында материалдык каражаттар жана азык-түлүктөр жетишпейт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 8-октябрындагы акыбалда карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара тарамдары жана өткөрүү жайлары камсыздоо талаптарына ылайык 100% бардык материалдык каражаттар менен камсыз болгон.

УКМК ЧКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы толугу менен кийим-кече мүлкү (жайкы, кышкы) жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

«Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара заставалары узак мөөнөткө сакталуучу азыктар (ун, ар түрдүү дан азыктары ж.б.) менен 2023-жылдын июнуна чейин камсыз кылынган. Ар бир үч айда тез бузулуп кетүүчү тамак-аштын запасы толукталып турат. Бардык чек ара заставалар керектүү көлөмдө көмүр, отун менен камсыздалган. Чек арачылардын бардык керектөөлөр менен камсыздалуу маселеси чек ара ведомствосунун жетекчилигинин көзөмөлүндө туруп, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен өздүк курам камсыздандырылууда»,-деп берилет маалыматта.  

Белгилей кетсек, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын Директору генерал-майор Уларбек Шаршеев Чек ара тарамдарынын кыш мезгилине даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

889