7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты четке какты

624

УКМКнын Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан минометтун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду» деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.

Кыргыз тарап Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун №42-Протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт.

«Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок деп белгилейбиз. Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625