7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара кызматынын билдирүүсү: «Тажик тарап келишимди бузуп, чыккынчылык менен кол салды»

1191

УКМКнын Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын билдирет.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада провокациялардын көбөйүп баратканын, Тажикстандын чек ара аскерлигинин аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар тарабынан куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгилейт.

«Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат. Мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө»,-деп берилет маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1192