7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 5 млн сомдук синтетикалык баңгизатка бөгөт коюлду

247

ИИМдин атайын операциясынын жүрүшүндө баңгизат менен шектелген 31 жаштагы жаран кармалды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүнүн жанынан 28 грамм баңгизат табылган. Мындан тышкары, коңшу мамлекеттен келген духовканын ичине жашырылган 1 килограмм 33 грамм, ошондой эле анын үйүн тинтүү учурунда дагы 6 грамм ушул эле түрдөгү баңгизат алынган.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жаран интернет аркылуу иштеген дүкөн үчүн Бишкек шаары жана Чүй облусунда баңгизаттарды «кыстарма» ыкмасы менен таратып жүргөн.

ИИМдин эсебинде, бул партия сатылганда кылмыштуу топ 5 миллион сомдон ашык мыйзамсыз киреше таап, өлкө аймагына 7 миңден ашык доза баңгизат таратмак.

248