7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы куралдуу кагылышта дайынсыз болуп жаткан 4 жаран учак менен Баткенге алып келинди

839

Чек арадагы куралдуу кагылышта дайынсыз болуп жаткан 4 жаран учак менен Баткенге алып келинди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды.

Маалыматка ылайык, чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, арасында бекинип жатышкан.

Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан да жарандарды тик учак менен Баткенге алып келишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840