7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 185 адамга жетти

445

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 185ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын жалпы саны 185 жабырлануучуну түзүп, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Ооруканаларда жалпысынан 164 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 60 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Эскерте кетсек, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446