7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

363

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы бизнес өкүлдөрүнө, карапайым жарандарга өлкө үчүн оор күндөрдө гуманитардык жана финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«КРнын президентинин Жарлыгы менен 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөр жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылат. Биздин алдыбызда көптөгөн калыбына келтирүү иштери турат. Ушул күндөрү жардам көрсөткөн бизнес өкүлдөрүнө жана карапайым жарандарга ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздөгү кыйынчылыктарды биргеликте жеңебиз», — деди ал.

 Акылбек Жапаров өткөн жылы өлкөгө 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция келгенин жана инвестиция тартуу маселесинде жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Министрлер Кабинетинин алдында кыйла масштабдуу амбициялуу милдеттер турат. Биз быйылкы жылы ИДПнын өсүшүн 6%дан кем эмес камсыз кылуу милдетин койдук, ал эми 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өсүү 8%ды түзөт. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүш, айлык акынын өсүшү, кирешенин өсүшү деңгээли боюнча алдыга чыгып жатабыз. Жакынкы 5-6 жылда бул тенденцияны улантабыз деп ишенем. Биз эч кандай жаңы салыктарды киргизбестен, салык базасын көбөйтпөстөн, фискалдык реформалардын аркасында соода жүгүртүүнү көбөйттүк. Фискалдаштыруу, электрондук эсеп-фактураларды, кассалык машиналарды, виртуалдык кампаларды киргизүүдөн улам биз бюджеттин киреше бөлүгүн эселеп көбөйтүүгө аракет кылдык. Бизге жаңы ыкмалар, жаңы инвестициялар керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартуу үчүн локомотив болот деп ишенем”,-деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Инвестициялык кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын эл аралык капитал рыногуна чыгуу программасын иштеп чыгуу, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана жаңы финансылык инструменттерди киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга лицензия берүү жана иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын таламдарынын тең салмактуулугуна жетишүү жаатындагы эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү документтерди иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетине киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

364