Баткен жерине Чаткал, Тогуз-Торо райондорунан 41 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Ар бир район шаардан чогулган азык түлүк, кийим кечелер камтылган жүк саат 11:00 дө жолго чыкты. 3 күн ичинде Жалал-Абад облусунан 222 тонна гуманитардык жардам чогултулуп өз дарегине жеткирилген. Баткен ээлине болгон жардам берүү иштер дагыда болсо уланууда»,-деп берилет билдирүүдө.