7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан мыйзамсыз өткөн чет элдик жаран кармалды

931

Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Россия Федерациясынын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон. Ал 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жаран.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.

Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин САРдын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды.

Учурда КР аймагында шектүүнүн шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932