7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чек аранын такталышы менен Борбор Азия, атүгүл Евразия чөлкөмү үчүн коопсуздук камсыздалат»

230

Эми кыргыз-тажик чек арасынын такталышы менен Борбор Азия, атүгүл Евразия чөлкөмү үчүн коопсуздук камсыздалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов билдирди.

Анын белгилешинче, алгач эки өлкө ортосундагы чек ара маселесин чечүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тынчтыкты орнотот. Ошондой эле ал чек араны бекемдөө жалпы Евразия үчүн коркунуч жаратып келген маселелерге бөгөт коёт деп эсептейт.

“Биринчиден, кыргыз-тажик чек арасын чечүүнү биз Баткен облусунун тынчтыгы, стабилдүүлүгү жана коопсуздук маселеси катары карашыбыз керек. Ага улай эле баңгизат ташуу, эл аралык терроризм, экстремизм маселелери да коркунуч туудуруп келгендиги белгилүү. Эми чек аранын такталышы менен аларга бөгөт коюлуп, Кыргызстан үчүн, Борбор Азия атүгүл Евразия чөлкөмү үчүн коопсуздук камсыздалат. Юридикалык жактан эки өлкөнүн чек ара маселесинин чечилиши менен эки мамлекетке тынчтыкты жана стабилдүүлүктүн кепилдиги орнотулду десек болот. Чек ара маселелерин чечүү дүйнөлүк практикада стратегиялык, геосаясий, коопсуздук маселелерин чечүү менен байланыштырып каралат. Экинчи жагынан, ооба Тажикстан менен Кыргызстандын соода алакалары пайда алып келип турчу. Себеби, Кыргызстандан ташылган товарлар тажик тарапка сатылып, ал жактагы товарлар Кыргызстанга келип дегендей. Бул экономикалык аспектиден алганда Кыргызстан Евразия мамлекеттерине дарбаза болуп берчү. Бул да чек аранын аныкталышы менен кайра жанданышы мүмкүн”, — дейт саясий серепчи.

231