7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

421

«Ош-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 99 700 швейцариялык франк (9 миллион 835 405 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына алып чыгууга аракет кылган 1999-жылы туулган Х.А.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын үстүбүздөгү жылдын 22-августуна карата маалыматы боюнча: 1 швейцариялык франктын кыргыз сомундагы баасы – 98,65).

Аталган факты боюнча материалдар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

 

422