7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жарандан 3000 доллар талап кылган кылмышкер кармалды

409

Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды.

УКМК тарабынан 3000 АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча КР кылмыш чөйрөсүнүн активдүү колдоочусу А.Ю. аттуу жаран колго түшүрүлдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө кармалган жаран кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алганы аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандын мурда кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруу жана кыймылсыз мүлк документтерин кайтарып берүү талаптарынын мөөнөтү аяктагандан соң, ал өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, тагыраагы Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан бөлүмүндөгү «положенец» деп тааныштырып,  чет өлкөлүк жарандын документтерин кайтарып берүү үчүн физикалык күч колдонуу менен коркутуп, кошумча сумма төлөп берүүнү талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

410