7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

629

Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелип издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарындагы «Газпром» спорт комплексинин алдында Өзбекстандын Кувасай шаарынын 21 жаштагы тургунун ага бейтааныш болгон 2-3 бала кол телефонун жана чөнтөгүндөгү акчаларын коркутуп, тартып алып окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факт Кызыл-Кыя шаарынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каракчылык фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 6-декабрь күнү издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы Г.М. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалды.

Кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630