7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөлөрдөн 14 миң 281 кыргызстандык добуш берди

282

Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 14 281 жараны добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагынан тышкары дүйнөнүн ар кандай мамлекеттеринде жайгашкан 89 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат.

Аталган тилкелер Россия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка өлкөлөрдө ачылган.

Россиянын Петропавловск-Камчатский, Түштүк-Сахалинск, Владивосток жана Хабаровск шаарларындагы шайлоо участоктору добуш берүүнү жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.

283