7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
27°C

Чиновниктен кош жарандуулук аныкталды

578

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинде кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси У.А.У. Кыргызстан жана Россиянын кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында У.А.У. КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ал учурда шектүү өзүнүн жеке маалыматтарында Россиянын экинчи жарандыгы бар экенин жашырган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат. Ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге, УКМК “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албайт деп эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579