Интернет айдыңында Манастын жаңы орнотулган айкели боюнча түрдүү сын пикирлер айтылууда. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз өзүнүн социалдык баракчасында айкелдин автору Тамила Маматовага колдоо сөзүн жазды.
Садык Шер-Нияз: Чоң чыгарманы талкуулоо боло турган көрүнүш. Майда барат нерсеге кыргыз көңүл деле бурбай коет. Ошондуктан Тамила карындашымдын акыбалын түшүнүп турам. Канча жыл ушул чоң эмгекке өзүн даярдап келди. Нечен сыноодон өтүп, көптөгөн “исскуствонун дөө-шааларынын” интригасын көрдү. Далай жолу жолун тосушту, сыртынан жылмайып, койнуна канжарын каткан “кесиптештеринин” сөзүн укту. Бул жолу да “ыраатуу чабул” болуп жатканынан улам, “балтанын сабы өзүбүздүн эле теректенби” деген ойго алдырбай койбойт экенсиң. Жаңычыл ой дайыма тоскоолдуктарды жаратат.
Сен жасаган эстелик ушунча чуу көтөрсө анда тарыхта калат экенсиң. Анткени чыгармасын эч ким билбей, бирок эчак “народный” болуп алгандардын санын айтсам “эки сап эмес, эпостой” эле болоор көлөмү. Бирок баарына жаккан инсандардын чыгармалары дө авторлорундай “ыргылжың” болуп боз ала күлдүн арасында калат.
Ошондуктан өзүңдү бек карма, сен жалгыз эмессиң, сенин эмгегиң баардык сыпатта “монументалдык эмгек” деп аталат. Чоң эмгегиң менен куттуктайм! Бар бол алтын кыз!