Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-ноябрда милицияга аял киши арыз менен кайрылып, анын ишенимине кирип, чогуу ишкерлик менен алектенебиз деп 100 миң сом алып, из жашырган адамга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 1990 жана 1982-жылы туулган жарандар кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.