7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалды

862

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапарбек Ормонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.

Жапарбек Ормонов 1973-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Буга чейин Ош мамлекеттик университетин проректору,  Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.

Ал эми Чолпон-Ата шаарын буга чейин  Бердибек Иманбеков жетектеп келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

863