Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Маалыматты Кыргызстандын АКШдагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги да тастыктады.
«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылгандыгы айтылат»,-деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, аталган консулдук кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.
Дареги:
100 N LaSalle Str., Chicago, IL, 60602, Suite 1610
Байланыш телефон номерлери:
Башкы консулдук: 312 994 2416
Өзгөчө кырдаалдарда чалуучу телефон номери: 312 929 3442