Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапарбек Ормонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.
Жапарбек Ормонов 1973-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Буга чейин Ош мамлекеттик университетин проректору, Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык кеңештин төрагасы болуп эмгектенген.
Ал эми Чолпон-Ата шаарын буга чейин Бердибек Иманбеков жетектеп келген.