7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

287

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун 100 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. 

Оорукана шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган. Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Ысык-Көл облустук Жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден соолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

Министр президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетине өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 мон сом бөлүнгөн. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Чолпон-Ата шаарынын тургундарын медициналык тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат, ошондой эле бардык туристтер үчүн шарттар түзүлөт.

 

288