7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси башталды

143

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой — офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдыгын утурлай эл аралык Ысык-Көл офтальмологдор конгресси башталды.

Иш-чарага «Дордой — офтальмик сервис» көздүн микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов, өлкөнүн алдыңкы көз дарыгерлери, ошондой эле Түркия, Россия, Казакстан, Кореядан келген көз дарыгерлери катышууда.

Конгресстин негизги максаты – офтальмология тармагындагы акыркы жетишкендиктерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу.

Иш-чара офтальмологиядагы илимий-изилдөө иштерин, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын камтып, көз ооруларынын алдын алуу, хирургиялык ыкмаларды өркүндөтүү маселелерине арналган.

144