7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды

456

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин каржылоо фактысы боюнча УКТ мүчөсү «Барон» каймана аттуу Д.Л.К.ны, Д. Р. Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю.ну кармады.

Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоого цыгандардын үй-бүлө башчысы «Барон» каймана аты менен белгилүү болгон Д.Л.К. жана анын жакындары катышканы аныкталды. Аталган жаран ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын Чүй облусунан Казакстан жана Россиянын аймагына ташуу менен алектенген. Наркобизнестен алынган пайданы аталган үй-бүлө, мех буюмдарын сатуу, Германиядан жана АКШдан унааларды ташууга жамынып, жашырышкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Л.Д., Р.Д., Я.К. жана К.Д. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

457