7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чуңкурчактагы майрам: 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңдей унаа катталган (ФОТО)

697

Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чарага 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңден ашык унаа катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Республиканын аймагында жана Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чаралар коомдук тартипти бузуусуз өттү. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөштү, бул коомдук тартипти коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берди. Укук коргоо кызматкерлери жарандардын жеке, мүлктүк жана жолдогу коопсуздугун камсыздоого басым жасады. Өлкөдөгү ыкчам кырдаал тынч, массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде өзгөчө кырдаалдарга жана кырсыктарга жол берилген жок.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698