7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо 75 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен жаран кармалды

596

Каракол шаарында айдоочу улгайган аялды сүзүп качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-август күнү милиция тарабынан Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда жол кырсыгынан улам курактагы аялды ар кандай жаракаттары менен ооруканага алып келингендиги маалымдалган.

Окуя болгон жерге Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу келип, иштин чоо-жайын тактоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жабыркаган аялды сураштырган милиция кызматкерлери, ошол эле күнү болжол менен саат 15.00 чамасында Пристань-Пржевальск айылчасынын 75 жаштагы тургунун жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Көрүлгөн иш чаралардын натыйжасында жол кырсыгына катыштыгы бар «Хонда» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, кармалган. Ал Түп районунун 29 жаштагы тургуну С.Н. болгон жана алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, автоунаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597