7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Аймактардагы ооруканаларды кычкылтек концентратору менен камсыздоо зарыл

664

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Белгиленгендей, акыркы күндөрү коронавирус инфекциясынын өсүү динамикасы байкалууда. 50% ашуун койко-фонддун жана резервдик орундардын бардыгына карабастан, коопсуздук чараларын чыңдоону улантуу керек. Медициналык мекемелерди эпидемиологиялык абалдын начарлашы ыктымалдыгына карай кайрадан профилдештирүү ишин күчтөнтүү керек.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү массалык иш-чараларды жүргүзүүгө чектөөнүн сакталышы, коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде беткап режимин күчөтүү, жарандар тарабынан социалдык обочолонуу эрежесинин сакталышы зарылдыгын билдиришти.

«Жарандар өз ден-соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, социалдык обочолонууну сактап, беткап кийип, башка санитардык ченемдерди карманышы керек», — деди Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Артем Новиков белгилегендей, медициналык мекемелер COVID-19 менен ооругандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек.

«Акыркы жумада эпидемиологиялык абал өзгөрдү. Ар бир облустагы саламаттык сактоо тутумунун алгачкы звеносунан тарта, айыл башкармалыгына чейин калктын саламаттыгын, коронавирус инфекциясынын жайылыш деңгээлин көзөмөлдөшү керек. Эпидемиологиялык абалдын начарлашы орун алса, кошумча коргонуу чарасын киргизүү маселеси каралат. Медициналык мекемелер мониторинг үчүн ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалуусунун тийиштүү графигин түзүүсү тийиш. Республикалык дарыканаларды кошо алганда, дары-дармектин туруктуу запасы эки айлык муктаждыктан кем эмес болушу керек. Дары-дармектерге баалар мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө болот. Келерки жумада биз фармацевтикалык бизнестин бардык өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөбүз. Абал начарласа, бардык күч жана каражаттардны иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деди ал.

Ошондой эле кеңешме жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте калкка ар кыл партия жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен агитациялык иш-чараларды жүргүзүү маалында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоо зарылдыгына тийиштүү түшүндүрү ишин жүргүзүүсү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына менчик формасынан көзкарандысыз түрдө мектеп директорлору жана бала-бакчалардын жетекчилери менен санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясына жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ата-энелерге балдарга ар кандай оорулардын түрүндө, анын ичинде курч респиратордук ооруларда профилактикалык жана медициналык тейлөө көрсөтүү үчүн ооруканаларда орундар бардыгы тууралуу маалымат берүүсү сунушталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665