Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.
Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясынын өсүү динамикасы байкалууда, коопсуздук чараларын чыңдоону улантуу керек.
Артем Новиков белгилегендей, медициналык мекемелер COVID-19 менен ооругандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек.
« Эпидемиологиялык абалдын начарлашы орун алса, кошумча коргонуу чарасын киргизүү маселеси каралат. Медициналык мекемелер мониторинг үчүн ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалуусунун тийиштүү графигин түзүүгө тийиш. Республикалык дарыканаларды кошо алганда, дары-дармектин туруктуу запасы эки айлык муктаждыктан кем эмес болушу керек. Дары-дармектерге баалар мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө болот. Келерки жумада биз фармацевтикалык бизнестин бардык өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөбүз. Абал начарласа, бардык күч жана каражаттардны иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деди Новиков.
Ошондой эле алдыдагы майрамдык салтанаттарда, жергиликтүү шайлоого карата агитациялык иш-чараларды жүргүзүү маалында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоо зарылдыгын түшүндүрүү ишин алып баруу зарылды айтылды.